Үрөй учурган мушташ. УКМК эки милиция кызматкерин камакка алды

Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган милициянын эки кызматкерин УКМК камакка алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

"Бул окуядан кийин Чүй облусунун ШИИББи КМК уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык ШИИББинин милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган. Бул факты Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери УКМКнын башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

2019-жылдын 6-сентябрында айтылган кылмыштарга шектүү катары Бишкек шаардык ШИИББинин милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы Э.С. жана М.К. кармалышты. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
katerina.li
2019-09-07 09:57:20
Бапышев ментти эмнеге кармашпайт???
+25
Tursunbaev2017
2019-09-07 13:25:09
katerina.li,кармады деп атпайбы
-3
sarbo
2019-09-07 16:37:40
Tursunbaev2017, Бапышев жок ал жерде. экипажы Э.С. жана М.К. кармалышты.
+5
Take_men
2019-09-07 20:11:30
katerina.li, туура. Эки чанач мент кармалды ал эми бапышев мент кармалган жок же таласка качып кеттиби
+6
isarti
2019-09-07 10:13:49
Камадыңарбы, эми черныйларга бир күн салып берип койгула козелдорду. Анан ошол деле жетиштүү болот аларга.
+18
bema_bema
2019-09-07 12:05:46
Бапышевди энеге кармашпайт,ошол тиги зоокурлордун байкеси ошол баарына тоскоол болуп качырган кол астында иштегендерге приказды берип
+10
Mamiev
2019-09-07 16:41:05
Эки адам урушса ортодо милиция байкуш кармалып олтурат. Мектепте балдар мушташса деректири жумуштан алынат. Мындай нерселердин болорун алар кайдан билет. Бирок эки милиция дагы камырабай кеңири келип кайра кетип калды туура эмес. Бирок ошентсе дагы орто жолдон ушуга окшогон акмактардын айынан куносуздор кармалып иштен алынат. Ошол тостоол кылган ментти кармап киргизиш керек болчу
-10
Altysha.93
2019-09-07 21:05:29
Бапышевди дагы камагыла, ал дагы жоопко тартылсын, эмне берки экоо кармалат ал Бапышев эркиндикте журуш керек
+9
uli1234
2019-09-07 22:58:49
Бапышовду биринчи камаш керек
+5
Suzak12
2019-09-08 02:15:42
Бапышевдин аялы да милиция кызматкери дейтко ушул чынбы туугандар.
+1
mister_akkuu
2019-09-08 02:50:20
Бапышевтин крышасы бар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан