Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта жабыркагандардын бирине операция жасалат

Бишкектеги Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта жабыркагандардын бирине операция жасалат. Учурда алардын абалы оор болуп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

"31 жаштагы Б.У. аттуу бейтаптын бет жана жаак сөөктөрү сынган. Ага операция жасатуу зарылчылыгы бар. Бирок анын абалы туруктуу болгондо гана операция жасалат. Ал эми экинчи жабырлануучунун башына кан уюп калган. Ага операция жасалбайт. Учурда бейтаптардын абалы оор деп бааланууда", - деди маалымат кызматынан.

28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Ленин РИИБинин кызматкерлери окуяга шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер экенин аныкташты.

Бишкектеги үрөй учурган мушташ. "Өлүп калбасын эртерээк алып баралы"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdizhapar
2019-09-03 13:35:58
Малдарды да ошондой кылыш керек иттерди
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан