Үрөй учурган мушташ. Жал кичи районунда 2 жаранды чала жан кылып сабагандар кармалганын Бишкек ШИИББи билдирди

Бишкектеги Жал кичи районунда үрөй учурган мушташка шектелип жаткан Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

"Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн жүргөн жери аныкталып, Бишкек ШИИББинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди маалымат кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сураган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.

Ал эми издөөгө жарыяланган шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганын ИИМ башчысы билдирген.

Окуя болгон жерден шектүүлөрдү алып кеткен Чүй ОИИББинин кызматкерине кызматтык иликтөө башталган.

Ленин райондук прокуратурасы бул окуядан кийин экипаждын 3, облустук ички иштер башкы башкармалыгынын 1 кызматкерине кылмыш ишин козгогон. Анда милиция кызматкерлери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кылмышты жаап жашыруу" беренелери менен шектелип жатканы маалымдалган.
5-сентябрда Ак Үйдүн астында митинг өтүп, ага Бишкектин Жал кичи районунда орун алган мушташка кайдыгер карабаган адамдар жана жабырлануучулардын жакындары келди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Erik2018
2019-09-06 09:35:51
Баардык пикир жазгандар сабырдуулукка чакырар элем эртенки кунубузду эч ким билбейт буй
-21
Abdizhapar
2019-09-06 14:30:48
Erik2018,озун буй
+5
Baku88
2019-09-07 00:17:01
Erik2018, сабырдын дагы чеги болот
0
Rystambekkg
2019-09-06 09:53:27
Бу эшектер суйлошуп келишкен болбосо жалбырак тв кайдан пайда боло калды
Аны ким чакырды бул жагы кызык болуп калды го Текебаевдин туугандары эмес бекен
+8
tairbek
2019-09-06 10:05:08
Ыкчам тергоо иштерин негизинде деп мактанбай эле койгулачы, озулору келип туратко
+13
bekov01
2019-09-06 10:21:44
Ыкчам тергоо иштеринин натыйжасында кылмышкерлер БШИИББда жургону аныкталып, БШИИББнин кызматкерлери тарабынан еки саат издоонун натыйжасында оной еле кармалды деп койбойсунарбы
+9
Dembele84
2019-09-06 10:26:41
Кармаштыбы же оздору келип колго тушуп бердиби?Наоборот тан атпай оздору келип,сасып уктап жаткан менттердин уйкусун буздуго дейм
+14
ermek87kg
2019-09-06 10:55:41
Сот, прокуратура адилеттуу караш керек бул зокурлорду.
+8
asan.toluktuk
2019-09-06 11:33:01
ушундай зөөкүрлөрдү элдин алдына алып чыгып таш бараңга алса
+10
bema_bema
2019-09-06 12:01:48
Тообо ,кылмашкерлер милицияларды уктап жатканда тыкылдатып зорго тургузду.Оздору келди деп жалбырак тв тартып журот.МВД туну ушундай уктаса оной эле душмандар тынчытып кететго.Бул дагы сценарий даярдалган.Коркунучтуу кылмышкерди,эмнеге ыкчам иликтоо кылбайт.
+8
Alin16
2019-09-06 16:43:58
Прям оздорундой кылып тепкилегим келип жатат
+1
Alia82
2019-09-06 16:50:01
Уялбай ыкчам издеп таптык дегендерине не дейсин, оздору келген турбайбы...
Бул ИИМдин деле уяты жок экен...
+1
taalay25
2019-09-06 17:06:34
Эки бутту айбандар
+2
senchi
2019-09-06 17:23:45
Чаначты, эки жетимди, охраналарды кошуп соттогула.
+2
tachkomur
2019-09-06 18:24:37
Иим каяктагы досок айтып жатат силер озунорчо ойунарга келгенин жазасынар оздору келдиго уктап жатканынарда уйкунарды бузуп кичине калпты окшошиургулачы кыргызстандын ели жинди деп ойлойсунарбы силерди сапар айткандай жестко кылып салыш керекта ошондо жомок айтпай каласынар уят Кашкар Жунусалиев
0
senchi
2019-09-06 20:21:59
Туну келишиптирда,кундузу келгенинерде элдер теринерди тескери сыйрыйт эми.
+1
erlan92
2019-09-07 04:07:00
Кебетелерине караганда таянган крышалары чонго,мындайларды зонага жеткизбей эле айрыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан