Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароонун биринчи соттук отуруму өттү. Анда жактоочулар өтүнүч келтиришип, андан кийин мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновго айыбын угузду.
Күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу отурум 1-октябрга жылганын судья маалымдады.