"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча биринчи соттук отурум эртең, 12-сентябрда башталат. Соттук процесс Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда карала тургандыгын аталган мекемеден ырасташты.
21-август күнү Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо чечимин кабыл алган. Кийин Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган болчу.
Өмүрбек Текебаев үй камагына чыккандан кийин алдыдагы соттук отурумдарга даярданып, соттун акталды деген чечимин угуу аракеттерин көрүп жатканын билдирген.