Утурумдук өкмөттүн мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 15-сентябрда утурумдук өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.
Маалымат боюнча, жолугушуу кечээ, 14-сентябрда өттү. Анда өлкөдөгү бардык маселелер талкууланды.
Кечээ утурумдук өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Дүйшөнкул Чотонов, Эмилбек Каптагаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев "Ынтымак" эс алуу багына бак отургузушту.
Буга чейин 2010-жылдагы утурумдук өкмөттүн мүчөлөрү жолугушкан. Алардын сүрөтү социалдык тармакка тараган.