Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши жактоочунун келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды

Бүгүн, 25-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда коррупция беренеси менен айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жазык иши каралмак.

Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, айыпталуучулардын жактоочусунун жоктугуна байланыштуу бүгүнкү соттук отурум 1-июль күнү саат 15:00гө жылдырылды.

Окуянын чоо-жайы:

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан