Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды

Бүгүн, 14-майда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум уланууда.

Бүгүнкү соттук отурумда сот кошумча күбө Ш.Абдылдаевди суракка алды.

Башка кошумча күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу, соттук териштирүү 28-май саат 14:00гө жылдырылды.

Окуянын чоо-жайы:

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jelezo
2020-05-14 18:16:47
Шайлоого катыштырбаштын айласы болуп жатат.
-1
Erik2018
2020-05-14 18:37:50
30 жылдан бери ушул Теке темада же бир кыйраткан иши жок жазган концтитуциясы тупике алып келди мамлекетти
+1
robot111
2020-05-14 18:39:35
Текебаевди кайра камап койсо деле туура болчудай.
+1
Jaznura
2020-05-14 19:22:24
Түрмөдөн чыгыш менен интрига кылып баштады. Эми кайра түрмөгө түшсө телефон боюнча да жооп берет.
0
Tolkun555
2020-05-15 06:53:50
Текени камап эле салыш керек.элге жакшылыгы жок.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан