Өмүрбек Текебаев утурумдук өкмөттүн мүчөлөрү жолукканда эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтты

Буга чейин интернет тармагына 2010-жылдагы утурумдук өкмөттүн мүчөлөрүнүн биргеликте түшкөн сүрөтү тараган болчу. Бул боюнча Эмилбек Каптагаев жолугушуу болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазган. Жолугушууда эмне тууралуу сөздөр болгонун саясатчы Өмүрбек Текебаев бүгүн, 12-сентябрдагы "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага козголгон кылмыш ишти кайра кароонун биринчи соттук отурумунан кийин айтып берди.

"Бул жолугушуунун негизги максаты, мен менен Чотоновдун эркиндикке чыгышы болду. Эми, албетте, бул жолугушууга шылтоо болду. Андан тышкары, мындай тажрыйбалуу саясатчылар, көптү билген адамдар жолугушканда көп нерселер тууралуу сөз болот. Анын ичинде өлкөдөгү кырдаал, абал, андан чыгуунун жолдору тууралуу пикир алышуулар, сүйлөшүүлөр болду", - деди ал.

Текебаевге козголгон кылмыш ишти кароо: Ачык деген сотто видеого тартууга уруксат болгон жок
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан