Күбөлөр келбегендигине байланыштуу Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча отурум жылдырылды

Бүгүн, 9-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "коррупция" беренеси менен айыпталган Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун жазык ишин кайра кароо боюнча соттук отурум уланды. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүнкү соттук отурумда жактоочулар тарабынан келтирилген "Нур Телеком" компаниясынын кызматкерин адис катары суракка алуу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылды. Тизме боюнча биринчи күбө суралды.

"Башка күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу соттук отурум ушул жылдын 23-январына, саат 14:00гө жылдырылды", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы: Өткөн жылдын 21-август күнү Жогорку Сотто Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарылган.

Андан көп өтпөй эле 29-августта Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгышкан.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда Текебаевдин ишин кайра кароо таржымалы боюнча бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alimbek1000
2020-01-09 15:51:40
Ырас болуптур Текени камагыла кайра!
+2
Absamat-90
2020-01-09 15:52:25
Тыңып калыптыр го агай,катуу ооруп жатат операция болот деди эле.
0
chake
2020-01-09 15:53:06
Теке кайра камалса кыйкырып чыкчуу Шыкмамов жок эми ким кыйкырат болду экен
+2
Jaznura
2020-01-09 15:55:30
Текебаев өзүнүн ишин чече албай жатып эле эмнеге партиядагы өнөктөштөрү менен чыр-чатак чыгарып жүрөт.
+1
Jelezo
2020-01-09 16:18:43
Шайлоо өткүчө эптеп созуп жатышат А.Жээнбеков макулдук бермейинче соттор эч нерсе чече алышпайт.
+4
Dembele84
2020-01-09 16:29:14
Соодалашып бутмойунчо ар шылтоо менен созула берет соту
+3
adiaza
2020-01-09 21:47:25
Дагы канчада чейин созулуп журо берет болду экен. Карапайым акчасы жок киши болгондо кубосу жок эле чырылдатып камап салышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан