Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы такталбаган жерди тажик тарап тосуп, куруу иштерин баштаган. Бул абалга тынчсызданган Катыраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев SUPER.KG порталына билдирип, ал жактагы абал, тажик тарапка өтүп кеткен жерлер тууралуу айтып, маек берди.
Аталган айылдын айылдык кеңешинин депутаттары атайын алыскы Лейлектен Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча бийликти кабардар кылуу үчүн кечээ, 13-сентябрда борборго келишкен.
"Кыргыз өлкөсү 28 жылдан бери чек ара маселесинде утулду. Бул пикирди жалган дебей, моюнга алышыбыз керек. Биз баштык талашып жүрүп, көп жерлерибизди алдырып жибердик.15 жыл мурда Өзбекстан менен Тажикстан чек арабызга кирип келишкен. Ал жерде массалык миграциянын, социалдык-экономикалык абалдын өтө ылдый түшүп кеткенине байланыштуу мамлекет чек арага көз салбай, бүгүнкү күндө кошуналарыбыз тарыхый мыйзамдуу жерлерибизди алып жатат. Чек ара маселеси боюнча биз өтө көп тарыхый окуяларды билебиз", - деп ал төмөнкүлөргө токтолду.
"Союз учуруна чейин, союз мезгилинде жана андан кийин тажик тарапка өткөн жерлер бар. Мисалы, Совет-Абад шаарында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычы,1991-жылы Бүргөндүдөгү жерлер ал тарапка өткөн. Ал эми Лейлек тарабында мамлекеттик ишмердин сатылганынын айынан союз мезгилиндеги баалуу жерлерибиз кеткен.
Эгемендүүлүк учурунда дагы бир канча жерлерибиз ал жакка өтүп кетти. Мисалы, Шор-Суу 2000-жылы алынышы керек болчу. Шураб деген жерди дагы тилекке каршы ала албай калдык. Негизи келишим боюнча ал жер бизге өтүшү керек эле. Азыр ошол Баткен менен Лейлектин ортосунда Ак-Сай деген дарыя бар. Ошол дарыяны бойлой кеткенде тажик тарап 30 жыл аралыгында 18 чакырым Кыргыз өлкөсүнүн чек арасына дарыядагы сууну бойлоп кирип келе жатат.
Азыр Ак-Сайга кирип келүүсүнө 2,5 чакырым эле аралык калган. Эгер мамлекеттик саясат болбосо, чек арада жайгашкан элге кам көрбөсөк, мыйзам аркылуу ал жердеги айыл өкмөттөрүнүн бюджеттерин көтөрүп, үйлөрдү мамлекет тарабынан сатылбасын деген мыйзамдарды иштеп чыга албасак, анда мамлекет экенибиз кайсы?
Чек араны көздүн карегиндей сактап калбасак, келечекте биз көп жерлерден айрылып, өтө кооптуу абалга келип калуубуз мүмкүн. Тилекке каршы, бир канча тарыхый жерлерибиз ал жакка өтүп кетти. Ушул нерселерди болтурбаш үчүн президенттен баштап, жөнөкөй жарандарга чейин аракет кылышыбыз керек. Азыркыдай кайдыгер карай турган болсок, көп жерлерди алдырып, анклавда калышыбыз мүмкүн", - дейт Бөрүбаев.
Ал эми ошол эле айылдык кеңештин депутаты Шайырбек Орозалиев төмөнкүлөргө токтолду.
"Эки өлкөнүн башчылары жолуккандан кийин, чек арадагы маселе токтобой эле кайра ырбаганын жергиликтүү тургундар айтып жатышат. Бул маселени бийлик республикалык деңгээлде чечпесе, маселе райондун деңгээлинде чечилбейт.
Кулунду айыл өкмөтүнө тиешелүү бир жеринен 14 гектар, экинчи жеринен 11 гектар жерди мурун тажик тарап кыргыз тараптан ижарага алган. Азыр ошол жерди тажиктер өздөрүнүн жери катары колдонуп алган. Кыргыз тарап барса киргизбейт. Өзүбүздүн жерибизге өзүбүз ээлик кыла албай калдык. Мен ошол жерде жашайм. Куруу иштери башталгыча биз маалымат берип, бийликти кабардар кылалы деп кечээ, 13-сентябрда Лейлектен келгенбиз. Бирок бизге чейин эле алар куруу иштерин башташыптыр.
Алар курууну баштаганда дагы эң орчундуу жерлерибизден баштап жатат. Бул нерсени кыргыз тарапты тоготпогондук деп дагы түшүнсөк болот. Анткени алар мыйзамды бузуп жатышат. Негизи эки өлкөнүн ортосунда келишим түзүлгөн. Буга чейин Адахан Мадумаровдун убагында 275 метр жерди кыргыз тарап тажик тараптан 49 жылга ижарага алган. Азыр тажиктер ал жердеги жолдун эки жээгине шагылды төгүп, куруу иштерин баштап жатат", - деди айылдык кеңештин депутаты.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасында тажик тарап такталбаган жерге курулуш ишин баштаганы тууралуу маалымдалган.
Андан көп өтпөй Лейлектен келген айылдык кеңештин депутаттары SUPER.KG порталы аркылуу бийликке кайрылуу жасаган.