Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы коомчулукка кайрылды. Кайрылууда жолдон өтүп бара жаткан адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочуну табышууга жардам сурагандыгы жазылган.
Ага ылайык, ушул жылдын 15-сентябрында саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Маевка айылындагы Жаш Гвардия бульвары көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу 72 жаштагы адамды сүзүп алып, ал окуя болгон жерде каза болгон.
"Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы бул кырсыкка күбө болуп калгандар болсо же кандайдыр бир маалыматтары болсо 0312 44-64-22, 0707 75-87-20 номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Кабарлаган адамдын анонимдүүлүгү сакталат", - деп жазылат маалыматта.