Бүгүн, 27-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков тажик тарапка иш сапары учурунда Исфара шаарында кыргыз өкүлдөрүн чын көңүлдөн кабыл алганы жана меймандостугу үчүн ыраазылык билдирди.
"Эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүт комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга чын ниеттен кубанычтабыз. Биз Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти жөнөкөйдөн татаалга карай өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык. Ошондой эле Кыргыз мамлекети менен Тажикстан маанилүү роль ойногон региондогу суу-энергетикалык маселелер боюнча пикир алмаштык. Бул контекстте Кыргыз өлкөсү сууну пайдалануу көйгөйлөрүнө глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын жаратман саясатын жогору баалайт жана колдойт", - деди Жээнбеков.
Ал Эмомали Рахмондун колдоосу менен чек ара боюндагы аймакта тарыхый жолугушуу өткөнүн белгиледи.
"Биздин эгемендик тарыхыбызда мындай боло элек болчу. Бул жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү боюнча мындан аркы чечкиндүү аракеттерге бекем таяныч болуп берет деп ишенем", - деди Жээнбеков.
Эмомали Рахмон Кыргыз мамлекетине келүүгө чакыруу үчүн ыраазылык билдирди.
"Меймандос Кыргыз жергесинде жолугуп жатканыбызга абдан кубанычтамын. Бул жолугушуу Кыргыз-Тажик күн тартибиндеги олуттуу маселелер боюнча биздин ортобуздагы конструктивдүү диалогду улантууга жакшы мүмкүнчүлүк берди. Биз Кыргыз өлкөсү менен болгон тыгыз өз ара аракеттешүүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз. Эки өлкө ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз. Тажикстан мындан ары карай да Кыргыз Республикасы менен саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин дагы бир жолу тастыктайт", - дейт Эмомали Рахмон.