Депутат Бакыт Төрөбаев чек арадагы чыр токтобой турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда журналисттерге билдирди.
"Менин оюмча, бул чыр токтобойт. Анткени кошуна мамлекет өзүнүн жерин бергиси келбейт. Бул жерде эң негизги маселе жоопкерчилик. Бир метр жер берилсе элди, жерди саттың деп эл душманына айланасың. Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт бир метр жерди бербегенге аракет жасайт. Айрым депутаттар тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматын Баткен облусуна көчүрүү боюнча сунуштар айтылууда", - дейт Төрөбаев.