Кечээ, 20-сентябрь күнү Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө 3 авто унаа сүзүшүп, 1 кыз каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
"20-сентябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Хонда Одиссей авто унаасынын айдоочусу 36 жаштагы Б.А. Лев Толстой көчөсүнөн чыгыш тарапты көздөй бара жатып, Калык Акиев менен кесилишкен жерден Хонда Аккорд жана Фольксваген Гольф 3 авто унаасы менен сүзүшүп, жол четиндеги даракты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Хонда Одиссей унаасынын жүргүнчүсү окуя болгон жерде жан берген. Авто унаалар айып аянтчасына токтотулуп, кырсык боюнча чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деди маалымат кызматынан.