Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек ара маселесин жабык эшик артында карады.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков буга чейин чек ара маселеси боюнча кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы угулуп, эске алынганын айтты.
"Негизинен 2011-жылдан бери Жогорку Кеңештин чек ара маселеси боюнча 12 документ чыккан. 8 токтом, 4 комитеттин чечими. Токтомдордун аткарылышы жакшы деңгээлде. Аткарылбай калды деген бир маселе бар. Жергиликтүү бийлик органдарына Өзбекстан жана Тажикстан менен жайыттарды колдонуу боюнча түздөн-түз келишим түзүү тууралуу тапшырма берилген экен. Алар "силердин жайытыңардын кереги жок" деген жооп кайтарышкан. Бул тууралуу расмий кагаз бар. Бүгүн аталган комитет маалымат эске алынсын деп токтом кабыл алды. Өкмөткө бир катар уюштуруу боюнча сунуштарды берди", - дейт Жеңиш Разаков.