Президент менен Жогорку Соттун төрайымы сот тармагын жакшыртуу чараларын талкуулашты

Бүгүн, 27-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү сот системин мындан ары жакшыртуу, сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана сот акыйкаттыгын камсыз кылуу аркылуу жарандардын укуктарын, эркиндигин коргоодо сот органдарынын ролу өзгөчө экендигин белгиледи.

Президент калктын сот системине болгон ишенимин бекемдөө, аброюн жакшыртуу жана коомчулук менен байланышты жөнгө салуу зарыл экенин айтты.

"Жүрүп жаткан реформалардын түпкү максаты өлкөдө адилеттүү жана таза сот-укуктук системди куруу болуп саналат", - деди мамлекет башчы.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева "2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын негизги багыттары жана ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn-kumush
2019-09-27 16:29:47
Соттук реформа жүргүзүү замандын талабы. Маалыматтарга карасак президентке кайрылуулардын 43% укук коргоо органдарына тиешелүү экен. Президентибиз бул тармактагы реформаны жеке өзүнүн көзөмөлүнө алган. Анын далили катары айрым белгилүү саясатчылар бошотулду.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан