Текебаев жана Чотонов боюнча күбө катары ИИМдин мурунку орун басары Бакыт Алымбеков көрсөтмө берди

Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иштин соттук отуруму өтүп жатат.

Соттук отурумда күбөлөр көрсөтмө беришүүдө.

Сотто ИИМдин мурунку орун басары Бакыт Алымбеков көрсөтмө берип, суроолорго жооп берди.

Ал Өмүрбек Текебаевдин Ош окуясы боюнча "Ошол учур коркунучтуу беле?" деген суроосуна "Абдан коркунучтуу болчу" деп жооп берди.

Буга чейин 12-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароонун биринчи соттук отуруму өткөн. Анда жактоочулар өтүнүч келтиришип, андан кийин мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновго айыбын угузган. Күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу отурум 1-октябрга жылдырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан