SUPER.KG порталы жаш саясатчы, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов менен маектешип, өлкөдөгү саясий кырдаал, башкаруу системиндеги кемчиликтер жана башка маселелердин алкагында пикирин укту. Адегенде Молдокматовго "Коомчулуктун саясатка жаңы жүздөр келсин, эскилер кетсин деген пикирине кандай жооп берет элеңиз?" деген суроону узаттык.
"Эскилерден эмес, элдин тамагын кошо талашып жеген аткаминерлер көбөйдү, ошолордон эл тажады. Бул жалгыз эле Кыргызстанда эмес, дүйнөгө көз чаптырсак дүйнөдө ушундай тенденция бар. Айрым мамлекеттерде эски ыкма менен башкаруудан, элдин мүдөөсүн аткарбай өз кызыкчылыгын көздөгөндөрдөн тажап жаңы адамдарга добуш бере башташты. Бизде да ушул нерсе бар", - деди ал.
- Жеңиш Өмүргазиевич, Кыргызстанда качан жаңылануу болот деп ойлойсуз?
- Мамлекеттик башкарууга жаңы адамдар келгенде. Жаңы көз караш менен креативдүү ойлонгон, дүйнөлүк процесстерге катышып жүргөн, ой-чабыты кенен, жаңыча ойлоно алган адамдар келгенде гана чоң, алгылыктуу реформалар болот деп ишенем. Өлкөнүн өнүгүшүнө дагы эмне жетпей жатат десеңиз, бул кадр. Кандай гана башкаруу системи болбосун адистер туура коюлганда гана өнүгүү болот.
Жеңиш Молдокматов мектепти аяктап, Венгриядагы ачык коом институтунан “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты боюнча билим алган. Андан тышкары, Нарын мамлекеттик университетинин “Экономика жана мамлекеттик башкаруу” бөлүмүн аяктаган. Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты боюнча квалификацияны жогорулатуу боюнча курсту бүтүргөн. 2007-2008-жылдары Испаниядагы Сантьяго-де-Компостела университетинин эл аралык бөлүмүндөгү долбоордун Орто Азиядагы координатору болуп иштеген. Мындан улам кыргыз, орус тилдеринен тышкары англис, испан тилдеринде да сүйлөйт. Ушул тапта түрк тилин үйрөнүп жаткан чагы. Чет тилдеринин саясаттагы орду тууралуу айтып жатып, ал мамлекеттик башкаруу системинде иштеген ар бир кызматкер чет тилдерин милдеттүү түрдө билиши керек деген оюн айтты.
Көп өмүрүн саясатта өткөрүп келе жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Молдокматовдун саясаттагы келечеги тууралуу буларга токтолду:
“Башкалардан айырмаланып, ал саясатчы катары тез калыптанды. Көп саясатчылар алгачкы баскычта эле калып калышат да. Анын жасаган иштери, сүйлөгөн сөздөрү калыптанган саясатчы катары көрсөтүп жатат. Лидер болуу үчүн биринчиден, жоопкерчиликти өзүңө ала билишиң керек. Экинчиден сен башкалардан алганга караганда аларга көбүрөөк беришиң керек. Бул акча берүү керек дегенди түшүндүрбөйт, бул мамиле, көңүл, идея, моралдык колдоо. Эң негизгиси адамдарды ээрчитиш үчүн сен өзүң алдыдагы ишиңе ишенишиң керек. Ошондой адамды башкалар ээрчийт. Мен жогоруда айтып өткөн сапаттар Жеңиште бар”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Төрөбай Зулпукаров, меценат Аскар Салымбековдун Жеңиш Молдокматовдун саясаттагы орду жана келечеги тууралуу айткан ойлорун видеоматериалдан көрө аласыз.