Бүгүн, 19-октябрда Орусиянын Красноярск аймагында жайгашкан айылда дамба жарылып, адамдар каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
“Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 06:00 чамасында айыл тургундары алтын кени иштетилип жаткан жайдын жанынан чыккан катуу үндөн улам ойгонушкан. Анда дамба жарылып, жанындагы жумушчулар жашаган вагонду суу каптап кеткенин көрүшкөн. Натыйжада 13 адам каза болуп, 12си жаракат алышкан дагы 15 адамдын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Жергиликтүү бийлик кырсык болгон Щетинкино айылынын тургундарын эвакуациялоо иштерин баштады”, - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, дамба жарылган айылда жалпысынан 180ден ашык үй жайгашкан. Учурда коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.