Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов үй камагына чыгарылган жок, учурда ал СИЗОдо. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын ыкчам иликтөө иши боюнча башкармалыгынын ага прокурору Бакытбек Сыдыгалиев билдирди.
Анын айтымында, Илмияновдун баш коргоо чарасы 28-августка чейин узартылды. "Учурда тергөө жүрүп жатат. Илмияновдун мүлкү камакка алынган. Анын баш коргоо чарасы узартылышы мүмкүн же иши сотко өтүшү мүмкүн. Ал тергөө менен бүтүм түзгөн жок. Эгер түзөм деп кайрылса, тергөө органдары тарабынан каралышы мүмкүн. Азырынча андай жок", - деди Сыдыгалиев.
Былтыр Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.