Бүгүн, 11-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновдун ишин карады. Жактоочу айыпталуучунун үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды. Сот Илмияновду УКМКнын СИЗОсундагы камак мөөнөтүн ушул жылдын 11-ноябрына чейин узартты. Буга чейин соттук отурум бир канча жолу жылдырылып келген.
Президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген айып тагылууда. Былтыр Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда сот аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.