ЖЭБ соту: Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолду

Бүгүн, 6-декабрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Коррупцияга айыпталып жаткандарга карата бүгүн райондук соттун чечими чыкты.

Анда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолду.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

ЖЭБ соту: Исаков жана Калиев 15 жылга эркинен ажыратылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nazar76
2019-12-06 20:49:15
Жакшы болуптур эми Элдин акчасын жегенде бир аз артын ойлоп калышат Бирок бизде камалган чиновниктер тез эле чыгып алышчуу эле
+4
bessmertiy
2019-12-06 20:50:05
Аз го. Ушуга көбүрөөк жаза бериш керек эле.
+5
Nazar76
2019-12-06 20:52:41
bessmertiy,Туура айтасын
+3
rysik79
2019-12-06 21:08:03
7 жыл деле чон моонот. 7 минутта не болосун тообооо
+2
Baatirbek81
2019-12-06 21:36:07
rysik79,азырак болуп калат!булардын үй мүлкүн мамлекетке өткөзүп кустуруу керек.
+3
Tolkun555
2019-12-06 21:34:56
Уй мулкун мамлекетке алыш керек эле.
+3
Agayu
2019-12-06 23:00:31
Корупциянын атасы ушул инсан .Жолдогу весовой лор ушул инсандыкы акча берип тонналаган жуктор отуп атат азмаз акча менен.Бюджэтке 3/1 тушот калганы чонтокко тушот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан