Бүгүн 31-октябрда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу соттук отурум уланып жатат. Сот залына Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров жана Темирлан Бримкулов алып келинди. Ошондой эле сотко айыпталуучулардын жакындары келишти.
Соттук отурум айыпталуучулардын тактоо иретиндеги суроолорунан башталды. Анда Исаков: TBEA'нын өкүлдөрүн сурады. "Алар эмнеге отурумга чакырылган жок?" деди ал.
Судья аларга кат жөнөтүлгөнүн учурда аларды издөө аракеттери жүрүп жатканын түшүндүрдү.