ЖЭБ соту: Айбек Калиев: "Мен камалганда Сапар Исаков өкмөт башчы болчу, дос болсок эки саатта чыгарып кетмек"

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев өз сөзүндө, керектөө насыяларын алып жүргөндөр насыя алган банктын талаптарын аткарууга аргасыз экендигине токтолду.

"Банктан чаң соргуч же кофеварка аласыңбы микрокредиттик банктын айтканын кыласың. Логика боюнча Кытай тараптын бизге берген насыясы деле ошондой талап менен берилди да.Эми башыбызга жугунду куюп, бизге чечим чыга электе мамлекеттик ЖМКлар мага 17 жыл берип койду", - деди Калиев.

Мындан тышкары, Калиев мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков экөөнүн ортосундагы мамилеге токтолду.

"Мени камаганда Сапар Жумакадырович өкмөт башчы болуп турган, айыптоочу тарап айткандай дос болсок мени 2 саатта чыгарып кетмек. Ушул нерсе менен эле көп нерсени түшүндүрсө болот", - деди ал.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2019-12-04 14:45:13
Дос болгон эмес жөн гана келген акчадан бөлүшүп турганбыз дейби?
0
Mirlan27011987
2019-12-04 15:12:06
Бир жылдан бери сенин унун жабылбай койду го. Ар кайсы ат менен кирип ошол эле ойду жаза бересин. ТЕЦ бул жон эле Сооронбайдын оч алмай саясаты. Чынында ТЕЦ боюнча алганда Сооронбай укон сенин жооп бериш керек болчу.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан