4 күн мурун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында аман калган жүргүнчү кечээ, 28-октябрда Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кант шаардык ооруканасынын директорунун орун басары Альсира Момуналиева билдирди.
"Жүргүнчү 1989-жылы туулган. Токмок шаарынын тургуну. Ал ооруканага келгенде эле оор абалда болгон. Ал жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей жатып каза болду", - деди Момуналиева.
Жол кырсыгы 25-октябрда болжол менен саат 16:40тар чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын 44-чакырымында орун алган. Автоунаада жалпысынан 6 адам болгон. 3 адам, анын ичинде 5 жаштагы кыз окуя болгон жерде мүрт кеткен. Калган жүргүнчүлөр Кант, Токмок шаарынын ооруканаларына жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, дагы эки жүргүнчү анын ичинде 11 жаштагы бала көз жумганы маалымдалган.