ЖЭБ соту: "Тергөө биздин ордубузга жооп берип, иликтөө жүргүзгөн" деген Айбек Калиев тергөөчүлөрдүн ишине нааразы болду

Бишкек Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев сурак берүүдө.

"Менин банктык эсебимде айлык акымдын тыйынынан бери белгилүү эле. Таанышымдан унаа сатып алып, кайра ал унаа мага жакпай калгандыктан, саткам. Тергөө жөнөкөй жарандык алып-сатуу боюнча иштен "легализация" деген берене жасап койду. Тергөө биздин ордубузга жооп берип, иликтөө жүргүзгөн. "Бөдөнөнү сойсо дагы касапчы сойсун" деген сөз бар. Ар ким өз ишин жасаса жакшы болмок", - деди Калиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан