"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору УКМК тарабынан кармалды

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев УКМК тарабынан кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыдырбаев кечээ, 3-апрелде кармалган.

"Ал январь айында болгон ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деди басма сөз катчы.

Маалыматта белгиленгендей, ага Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков, ишкананын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев да кармалгандыгы маалымдалган.

Ал эми 30-январда Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголгону маалымдалган эле.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
baisogur
2018-04-04 10:48:25
Корупция менен курөш күчөнүп баратат,алдыңды карап баспасаң аңга түшүп кетишиң мүнкүн.Жээнбеков алга эл дем күч берип жатканда иштеңиз талыкпаңыз,Тарых барактары сиздин ким экениңизди жазып жатат урпактарыңыздын Манасы болуңуз алга Сооронбай Жээнбеков!!!
+5
Nanei
2018-04-04 11:34:06
Жээнбеков биз сизге ишенебиз! Коррупция элди кыйнап олтуро турган болду. Жок кылыныз
+2
Nazima09
2018-04-04 11:39:14
Жээнбековдун омурун тилейли чон чон жеп калган чиновниктер адам жалдап койобу деп коркосун
+1
alikgz
2018-04-04 13:07:09
Кармагыла корупця дал ушул жерде,
0
Aziyat
2018-04-04 14:04:41
Тецти жалаң бир туугандар башкарат экен,баары жооп беришсин. Туура кылат
+1
al-abu-kinesz
2018-04-04 16:45:15
Ичкендин иримин жегендин желимин чыгарса экен олко башчыбыз!
0
jbolotov
2018-04-05 12:58:14
Бул адамды шалаакылык, кышкы даярдык жок 221 ст. деп ото деле оор эмес статьялар менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайга киргизгени туура эмес. Элди алдап конулун башкага буруп атышат. ТЭСтин модернизациясы учун келишим тузгондорду, ашыкча жазып жегендерди кармаш керек эле УКМК.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан