Бүгүн, 14-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда ЖЭБди жаңылоого кеткен чыгым боюнча соттук-экономикалык экспертиза жүргүзгөн Гүлсара Асанова күбө катары сурак берүүдө.
Сурак учурунда Калиевдин "Төмөндөтүлгөн коэффициент кайсы программа боюнча түзүлгөн?" деген суроосуна Асанова: "1991-жылы түзүлгөн программа боюнча" деп жооп берди.
Андан соң Салайдин Авазовдун жактоочусу күбөгө смета боюнча суроо берип жатканда, мамлекеттик айыптоочулар Асановага төмөндөтүлгөн коэффицент тууралуу гана суроо берилиши керектигин айтты. Судья жактоочуга эскертүү берди.
Буга жактоочу жана айыпталуучулар нааразы болушту. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: "Биз күбөнү 1 жарым айдан бери күтүп жатканбыз, суроо берүүгө мүмкүнчүлүк бергиле" деди. Мамлекеттик айыптоочулар менен жактоочу ортосунда кайым айтышуу орун алды.