Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда бул ишке айыпталгандардын бири, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сурак берип жатат. Айыпталуучулардын жактоочуларынын бири ошол кездеги финансы министрлигинин TBEAнын ЖЭБди модернизациялоо ишине канчалык деңгээлде катыштыгы бар деген суроону берди.
"Ольга Лаврова министр болгусу келген эмес, мен суранып жатып көндүргөм. Бирок ал өз ишинде жакшы ийгиликтерге жетишти. Көрсөткүчтөрү мурункуларга салыштырмалуу жогору болгон", - деди ал.