ЖЭБ соту: Отурумга келгендер өкүмдү 4 сааттан бери күтүп жатышат

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурумда айыптоочулардын акыркы сөзү айтылып бүткөн. Судья Инара Гилядзединова кеңешүү бөлмөсүнө кирип кеткен. Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар судьядан Сапар Исаковго 15 жыл, Жантөрө Сатыбалдиевге 11 жыл 3 ай, Айбек Калиевге 17 жыл, Салайдин Авазов менен Жолдошбек Назаровго 11 жыл 3 ай, Ольга Лавровага 7 жыл мөөнөт сураган, Осмонбек Артыкбаевге мамлекетке 5 миллион сом төлөө милдеттендирилген.

Маалым болгондой, судьянын чечимин күтүп жаткандар аларды отургучтары жок фойеге чыгарып салышканын айтып нааразы болушууда. Айыпталуучулардын жакындары, журналисттер өкүмдү 4 сааттан бери күтүп жатышат. Айыпталуучулардын жакындарынын айтуусунда бардык кабаттарга кирчү жерлер бекитилген. Алар дааратканага дагы коё бербей жатышат деп нааразы болууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан