Камактагы экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзүн убак-убагы менен дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп туруусу керектигин айткан. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери камакта жаткан мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугунан кабар алуу үчүн өзүнө жолугуп чыгышкан. Жолугушууда Сатыбалдиев 2013-жылы жүрөгүнө операция жасалганын, дарыгерлердин текшерүүсүнөн убак-убагы өтүп турушу керектигин айткан. Ошондой эле түнкүсүн уктай албай жатканын да кошумчалаган.
Акыйкатчы институту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу боюнча кат жөнөтүшкөн. УКМК Сатыбалдиевди жакын арада дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтөрүн билдирген.
18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө абагына киргизилген. 20-июнда Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткөнгө чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган.
8-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасын карап, камакта калуу мөөнөтүн 2 айга узарткан.