Бүгүн, 28-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптарга жарыш сөзү берилген. Кечээ, 27-ноябрда мамлекеттик айыптоочулар судьяга ишке күнөөлөнүп жаткан тараптарга жаза чектөө боюнча сунуштарын окуп беришкен. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жарыш сөзүндө ЖЭБ соту тууралуу АКШнын белгилүү "Нью-Йорк таймс" гезити дагы жазганын айтты.
"Нью-Йорк таймс" гезити Кыргыз өлкөсү мурдагы өкмөт башчыларын саясий мотив менен соттоп жатат деп жазышыптыр. Мен өлкөм үчүн уялдым. Менин мамлекет алдында, неберелерим алдында жүзүм таза. Тергөө иштин бардык деталдарын тыкыр иликтенбегенине нааразымын. Мындайча айтканда, иликтөө үстүртөн гана, тергөөгө керектүү материалдар изилденди. Мен эми судьянын адилеттүү болушуна үмүттөнөм", - деди ал.
Мамлекеттик айыптоочулар Жантөрө Сатыбалдиевдин үй мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 3 ай жаза мөөнөтүн чектөөнү суранган.