ЖЭБ соту: Сапар Исаков, Айбек Калиев ишти карап жаткан судьядан баш тартты

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда айыпкерлердин сотко болгон өтүнүчү менен башталды.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков сот Асанова менен Хафизовдун келишин камсыз кылбаса, өтүнүч кыларын белгилеп өттү. Мындан тышкары, Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев эксперттерди күч менен алып келүүнү өтүнмө кылды. Мамлекеттик айыптоочулар: "Асанова, Хафизов жана эксперттер сурак беришкен, ал эми Асанова жүрөк оорусу бар болгондуктан, отурумга келе албайт", - деп айтышты.

Сапар Исаков негизги күбөлөр сотко келбесе, бул ишти карап жаткан судьядан баш тарта турганын айтты. Буга Калиев жана жактоочулар кошулду.

Сот залында судья, мамлекеттик айыптоочулар, жактоочулар жана соттолуучулар калды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
altyn-kumush
2019-11-06 10:24:25
Сапар Исаков менен Калиев жаш бөрүлөр экен. Кытайдан алган акчаны чайнабай жутуп жиберген экен. Мындай жаш бөрүлөр картайганда деле алы жетпей койбойт.
-1
chake
2019-11-06 10:35:52
Бул балашкалар Аташкасы АША менен элге мамлекетке кылган кыянаттыгы ашкереленип шерменде болду
0
chake
2019-11-06 10:36:50
бети жоктор кантип кычкач 630 доллар болсун
0
Ernestinio
2019-11-06 10:40:40
жээри жеп алышып эми актаныштын айласын издеп атабы? убакытты созуп
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан