Бүгүн, 22-июнда Жогорку Сотто Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча сот отуруму болуп өттү. Анда бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткандарга карата Жогорку Соттун 2020-жылдын 22-июнундагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 23-мартында кабыл алынган өкүмү өзгөртүлгөн.
Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттук коллегиянын токтому менен өкүмдүн корутунду бөлүгүнүн соттолуучулардан Финансы министрлигинин пайдасына 5 миллиард сомдон ашык материалдык зыянды өндүрүү деген бөлүгү “ортоктош түрдө” деген сөздөр менен толукталган. Шаардык соттун өкүмү калган бөлүгүндө күчүндө калтырылган.
Прокурордун кассациялык сунушу жана жактоочулардын даттануулары канааттандыруусуз калтырылган.
Маалым болгондой, сотто Жаңыл Мамбеталы төрагалык кылган.
Эске сала кетсек, Свердлов райондук сотунда коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата төмөндөгүдөй чечим чыккан:
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.
Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолгон.
"Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып салынган.
Мурунку финансы министри Ольга Лаврова 3 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга соттолушту, алардын жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан.
Ал эми 23-мартта шаардык соттун чечими менен Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча айыпталып жаткандарга чечим чыккан.
Ага ылайык, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев 14 жылга эркинен ажыратылып, ал эми мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовго карата чечим Свердлов райондук сотунун өкүмү боюнча күчүндө калтырылган.
Жалпысынан шаардык соту ЖЭБ иши боюнча өтүп жаткан бардык айыпталуучулардын жаза мөөнөтүн биринчи инстанциянын чечими менен калтырып, бир гана Айбек Калиевдин жаза мөөнөтүн бир жылга кыскарткан.
Ошондой эле Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов финансы министрлигине 5 миллиард 439 миллион сом чыгым төлөө милдеттендирилген.