Кечээ, 21-ноябрь күнү "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" аттуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялады. Иликтөөнүн алгачкы бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан эле. Резонанс жараткан иликтөөнүн уландысы "Азаттыктан" тышкары, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана анын Кыргыз өлкөсүндөгү өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттиги менен биргеликте жүргүзүлгөнү жазылган.
Иликтөөнүн бул чыгарылышында эң негизги маалымат "Азаттыктын" маалымат булагы Түркияда 10-ноябрь күнү киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити өзү болгону болду.
Ал Хабибулла Абдыкадыр аттуу Кытайда төрөлгөн уйгур ишкердин колунда акча ташыгыч жана Кыргызстандагы, Өзбекстандагы каржы иштерин жөндөөчү болгонун айтып берген. Иликтөөдө Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ысымдары да кошулган. Айтмакчы, Хабибулла Абдыкадырдын Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүүдөгү аземге келген сүрөтү учурда талкууга түштү. Кытайлык ишкер президенттин бир тууганы, Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Жусупбек Шариповдун жанында отурган.
Президенттик аппарат тарабынан азырынча бул иликтөөгө карата жооп боло элек.