Айэркен Саймаити Түркияда киши колдуу каза болду

"Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болду. Мындай маалыматты бир катар түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кытай жараны Айэркен Саймаитини Стамбул шаарындагы Фатих аймагында "Миллет-Стрит" мейманканасында белгисиз жарандар атып кетишкен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы жана полиция кызматкерлери келишкен. Оор жаракат алган Айэркен Саймаити ооруканадан жан берген.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү тактала элек. Тергөө иштери улантылып жаткандыгы жазылган.

Айэркен Саймаитинин ысымы "Азаттыктын" кабарчысы Али Токтакуновдун "Миллиондордун изи менен" деген иликтөөсүндө аталганы маалым. Иликтөөгө байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Матраимовдордун Саймаити менен да, Бумаилиамуну менен да эч кандай байланыштары же алака-катнаштары жок" деп билдирген. Ушул жылдын июль айында Финпол "Азаттыктын" Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү боюнча Айэркен Саймаити тарабынан 2 миллион 300 миң доллар которулган акча өз далилин тапкан жок, бул суммага байланыштуу документтерди "Азаттык" көрсөтө элек" деген маалыматты тараткан. Ал эми "Азаттык" убада кылган иликтөөсүнүн уландысын азырынча жарыялай элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Absamat-90
2019-11-11 12:06:38
"Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болду.Албетте заказ менен аттырды да киши колуу болсо.
0
Qwer007
2019-11-11 12:07:08
Кинодогудай болуп калды бул жагы...
+1
TalaCSKA
2019-11-11 12:22:32
Чындыкты айтам десе аттырып салса керек М.........р жана Ж..........р
+8
Kyrgyz_bloger
2019-11-11 12:29:25
Азаттыктын эч кандай куноосу жок,алар чындык учун курошуп жатышат,бир нерсеге катыштыгы бар учун атып кетти да,куноосу жок эле бир адамды атпайт да.
+11
okumushtuu
2019-11-11 12:47:12
Бул жер менин оюм боюнча атамбаевтин да матраимовтун да эч кандай тиешеси жок, просто акчасы коп иши да коп андыган киши да коп
+1
Jango
2019-11-11 12:50:06
Ошондо азаттыктын иликтоосу чындыкка жакын болуп жатат
+11
SHAHDAR
2019-11-11 13:05:42
Кино тарса болчудай болуп калды. Бул эмне деген шумдук...
+4
Alimbek1000
2019-11-11 13:21:26
Атамбаев дагы былыктарымды ачып салбасын деп аттырып салыптыр деген сөздөр жүрүп жатат. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дешет го
-7
Shabi
2019-11-11 14:50:04
Alimbek1000,жон эле далил жок ар нерсени жаза бересинби.Атамбаев кишини олтуртконго заказ бермек турсун,озу аран турат го,эмне кылып,кантип озунун ак,же кок экенин кантип далилдешин билбей олтурат.
+5
kechirmeni
2019-11-11 15:38:48
Shabi,Жалил Атамбаевди айтып жатат менимче
0
aydinnur
2019-11-11 15:02:46
Alimbek1000,ушак боюнча криминалист болуп иштеш керек экен сага))))
+4
Shabi
2019-11-11 15:21:40
aydinnur,хааай келтирдин да
+1
Azatbek.Svoboda.
2019-11-12 16:08:05
Alimbek1000,Темадан алыстаба шашылбай дагын бир окуп чык!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан