Мирлан Тургунбеков УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Мирлан Тургунбеков УКМКнын төрагасынын орун басары — УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мирлан Тургунбеков 1977-жылы 3-сентябрда Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2000-жылдан тарта улуттук коопсуздук органдарында иштеген. Буга чейин Ош жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болгон.

1-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан Асылбек Кожобеков бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан