Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча кармалгандардын тизмеси

26-январда Бишкек жылуулук электр борборунда өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бишкек ЖЭБди оңдоодо ири суммадагы уурулук фактылары аныкталган. УКМК "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери жасалма келишимдерди түзүү жолу менен компанияларга акча которгонун, бирок ЖЭБ оңдоп-түзөө жумуштарын өз күчү менен жүргүзгөнү аныкталганын билдирген. Уурдалган каражат 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктарга бөлүнгөн.

УКМК бул фактылар боюнча кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу, коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Алар:

4-мартта - "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев;

Бердибек Боркоев

7-мартта - "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков;

Алмаз Жусупбеков

3-апрелде - "Электр станциялары" ишканасынын модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов;

Темирлан Бримкулов

3-апрелде - "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев;

Узак Кыдырбаев

17-апрелде - Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов;

Салайдин Авазов

17-апрелде - "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров;

Жолдошбек Назаров

18-апрелде - "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев.

Айбек Калиев

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Syimyk.isaev
2018-04-18 17:22:01
Саясий оюн болуп калбаса экен. Кармадыбы,куноосу барбы камаш керек! Мультимиллионерди кармасанар баарын айтып берет эле.
+2
Azat.97
2018-04-18 17:29:45
Мен буларды кыргыздын душмандары деп эсептейм.Ушундай паракор ач коз бир соз менен айтканда ХХХХХХХХХ адамдар биздин мекенибизде жашап жургонуно окуном.Ошол акчалар бир жеринерди тешип чыксын..Кыргызстанда жашаганга татыктуу эмессинер.Ичим куйгонунон айттым айла жок.Турмонун тубундо чиригиле паракорлор.
+5
turna23
2018-04-18 17:55:11
Уурулар,булардын уурдаган дунуйолорун кайтарып алгыла. Таза сууну да текшергиле. Дунуйолру батпай калган ал жакта иштегендердин дагы.
+4
nurbekasr
2018-04-18 18:01:38
Супер инфо ракмат кечээ айткан сөзүмү аткарыпсыңар.Ушулардан маалымат берип туруңуздар.Дагы кармалышат.
+3
Nurmuhammed2016
2018-04-18 18:34:00
Салайдин Авазовду сыйлайт элем, таза иштейт деп. Экинчи жолу мээр болгондо суйундум эле. !!! ????????
-2
KGstan1981
2018-04-18 18:39:23
Коррупционерлер этият болгула!Силер коррупционерлер на халяву жашаган Аташканын бийлиги кун сайын кучун жоготуп жатат.Орусстар айтмакчы это вам не Аташка а истинный народный президент Сооронбай Жээнбеков!
+2
altyn7776
2018-04-18 18:58:45
Озум билем! Озун билсен эмнеге келдин ЖКга деген адам жок. Сапар колундан эмне келет деди да Торрбаевге.. Кетируу керек мындай премьерди. Текирендебей сабырдуу болуу керек да. Билем дегенден кийин айт. Болбосо жалгандан озуно упай топтоп эмне кылат? Итак жаман корушот жалпы эл. Кайдагы ондурушту тушунбогон, област, райондордо жетекчи болуп эл менен жуурулушуп иштебеген балашка премьер болуп отурат. Ушундай шалапайдан артык адам жокпу премьерликке?
+1
bekboliev91
2018-04-18 19:18:18
буларда ооруйт Эми
+1
didu
2018-04-18 19:24:31
Жакшы жанылык Эми киттерди туткула
0
AzKumFerDan
2018-04-18 19:25:49
Ооруканага да бир баш багып койгула .Чек араны карагыла
0
Medinaa
2018-04-18 20:27:01
Мындан өткөн уят барбы?!Уят өлүмдөн катуу.Жегендин кусмайы бар,төлөп берсиндер!Ооруп калбаса эле эми)))
0
munar1980
2018-04-18 20:29:53
элге кармалганы эмес кимиси жоопко тартылганын жарыя кылсанар Супер инфо
0
century
2018-04-18 22:53:23
Ха ха ха ха ха ха ха ха ЖЭБжутар дегин
+1
Cleo-13
2018-04-19 07:43:01
Булардын артындагы адамды да кармап, жазасын берсе . Ээх кандай соонун болмок. коп жемкорлор тыйылат беле?
0
Aidar151080
2018-04-21 20:54:47
386 млн.$. Эсепетей келсең, жок эле дегенде 40 ТЭЦ салынмак экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан