ЖЭБ соту: Мамлекеттик айыптоочулар судьядан Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну сурашты

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Отурумдун түштөн кийинки бөлүгүндө мамлекеттик айыптоочулар судьяга ишке күнөөлөнүп жаткан тараптарга жаза чектөө боюнча сунуштарын окуп беришти.

Мамлекеттик айыптоочулардын сунушун прокурор Марат Кулжабаев окуду. Анда мурдагы өкмөт башчы, "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратуу сунушу айтылды.

"Сапар Исаков күнөөлүү деп табылсын, ал 15 жылга эркинен ажыратылсын. Муну менен катар эле үй мүлкү конфискацияланып, бардык наамдарынан ажыратылсын", - деген сунуштарды Кулжабаев судьяга окуп берди.

Буга чейин иштин материалдарын иликтөө процесси жүргөн. Анын алкагында, иштин бардык 55 тому иликтенип бүткөн. Отурумдун башында судья Инара Гилятзединова мурдагы энергетика министри, бул иште айыпталып жаткан Осмонбек Артыкбаев өз каалоосу менен мамлекетке 100 миллион сом төлөгөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2019-11-27 16:45:25
Ооуу сары балага чатак болуптурго
+1
altyn-kumush
2019-11-27 19:18:13
Балашка аташканын алдына көпкө барат экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан