Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу иш боюнча сот процесси уланды.
Отурумдун жүрүшүндөгү жарыш сөз мезгилинде мамлекеттик айыптоочу парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата коюлуп жаткан «коррупция» беренесин анын күнөөсү далилденбегендигине байланыштуу «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине алмаштырууну өтүндү.
Ошондой эле прокурор соттон Артыкбаевдин ден соолугун, ошондой эле Эксимбанктан алынган насыяны жабуу үчүн анын туугандары өз каалоосу менен 100 миллион сом суммадагы акча каражатын Башкы прокуратуранын бирдиктүү эсебине салгандыгын эске алууну дагы сурады.
Мамлекеттик айыптоочу «коррупция» беренеси боюнча Артыкбаевдин күнөөсү далилденбегендигин баса белгиледи. Прокурор соттон Артыкбаевге 5 миллион сомду мамлекеттин пайдасына төгүү жазасын чегерүүнү сурады. Прокурор ошондой эле Артыкбаевди сот залынан бошотууну өтүндү. Эске салсак, 2019-жылдын 26-ноябрында Артыкбаевдин туугандарынын бири Башкы прокуратуранын бирдиктүү эсебине 100 миллион сом салган. Бул каражаттар Эксимбанктан алынган «Электр станциялары» ААКнын насыясын жабууга жумшалат.
Артыкбаевдин жактоочусу Рабига Садыкованын айтуусунда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча чечим Артыкбаев министр болуп дайындалганга чейин эле жогорку деңгээлде кабыл алынган. Андан тышкары, Артыкбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоого дагы катышкан эмес. Ал модернизациялоо башталганга чейин эле кызматтан бошотулган.
Жалпыга белгилүү болгондой, Артыкбаев өзүнүн бизнесин мамлекеттик кызматка келгенге чейин 1995-жылы түптөгөн. Белгилей кетсек, соттук отурумдарга Осмонбек Артыкбаевди коляска менен алып келип жатышат, анткени ага өз алдынча басып келүүгө оор болууда. Бир жыл ичинде Осмонбек Артыкбаев эки ирет кыр аркасынан операция болду.