Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаедин абалы канааттандырарлык. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы таратты.
Анда Атамбаевдин ден соолугуна карата даттануусу жок экендиги жана ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө экени маалымдалат.
Буга чейин мурдагы өлкө башчы кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча өтүп жаткан соттук отурумга ден соолугуна байланыштуу катыша албагандыгы жазылган.