Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук отурум. Күбөлөр суракка алынды

Бүгүн, 26-майда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү соттук отурумда сот күбөлөр М.К.Кайкиев менен Г.С.Байбөрүевди суракка алды. Андан соң күбө Б.Калмуратовду суракка алууга өттү. Түштөнүү убактысы болуп калгандыгына байланыштуу сот саат экиге чейин тыныгуу жарыялады. Бирок аталган убакытка айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу соттук териштирүүнү 28-май саат 14:00гө жылдырды.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан