Бүгүн, 20-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун "Азаттык", "24.kg" жана "Клооп" сайттарына карата жазган доосу боюнча соттук отурум өттү. Соттук отурум Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда болду. Буга чейин Матраимов жогорудагы жалпыга маалымдоо каражаттарына карата арыз жазып, 60 миллион сом доону талап кылган. Райымбек Матраимовдун арыз жазуусуна жогоруда аталган 3 редакциянын бажы чийиндердеги аткезчилик схемалар боюнча жарыялаган материалдары себеп болгон.
Соттук отурумдун жүрүшүндө "24.kg" сайтынын өкүлүнө суроо берилди. Анда доогердин жактоочусу "24.kg" Матраимов тууралуу жазылган бул материалдын өзүн башка ЖМКдан көчүрүшү мүмкүн экендигин айтып, бирок темасын өздөрү койгондугун белгиледи. "Ошондо коррупциялык схемалар мен кызыкчылыгын коргоп жаткан адамга алып барат деп жазганыңарга далил барбы?", - деп сурады жактоочу.
Анда "24.kg" сайтынын өкүлү Эмил Жандаев: "Ал материалдын темасы "24.kg" тарабынан жазылган, бирок ага далилдер жок. Буга байланыштуу биз сунуштарды угууга даярбыз", - деди. Ошондой эле, "24.kg" сайтынын өкүлү аталган редакция журналисттик иликтөө жүргүзбөгөнүн, "Азаттык" менен "Клооптун" материалына ээлик кылбай турганын, колдорунда далили да жоктугун билдирди.
Жогорудагы сайттарга карата доо арыз менен сотко кайрылууга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Жалпыга маалымдоо каражаттарына түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга кайрылган. Анда депутат "Азаттыкка" карата жазган арызы боюнча чечим чыгарууну сураган, бирок комиссия кайрылууну кароодон баш тартуу бүтүмүн кабыл алышкан.
Өткөн жылдын 6-декабрында УКМКда сурак берип чыккан Райымбек Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини тааныбай турганын, 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынына дагы тиешеси жоктугун айткан. Кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Райымбек Матраимов "Мен түшүнбөйм. Эми журналисттер эмнеден коркот? “Сотко далилдей албай калабыз” деп коркобу? Чыгарган маалыматтарынын чындыгына (жетиштүү фактылар менен далилдешсе...) көздөрү жетсе, анда сот алдында эми далилдеп беришсин" деген.