"Айэркен Саймаити менен Райымбек Матраимовдун алакасы болгон эмес" деп бүгүн, 31-январда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында Матраимовдорго жактоочулук кылып жаткан Канатбек Азиз билдирди.
"Маалыматтын тактыгы боюнча биз өзүбүз да мурда соттошконбуз. "Азаттыктын" иликтөөсүнүн темасын карасаңар так формада жазып жатышат. Суроо белгиси дагы жок. 5-каналдын иликтөөсүн өткөргөндө бул нерсеге Али Токтакунов дагы, "Азаттык" да расмий позициясын айткан эмес. Андан тышкары, көп фамилиялар айтылган. Бирок буйрук түрүндө бир адам караланган. Биз бул саясий буйрук болгонбу же башка нерсе болгонбу аныктоону сунуштап жатабыз. Ошондуктан эл аралык көз карандысыз экспертизага кайрылууну сунуштайбыз. Бул журналисттик этикага так келеби деген чечимди карап берсеңер. Айэркен Саймаити менен Райымбек Матраимовдун алакасы болгон эмес. Изилдегиле, карагыла", - дейт ал.