Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жанылоодогу коррупция боюнча ачык соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү сүйлөнүүдө. Жактоочу Замир Жоошев жарыш сөзгө чыкты. Анда жактоочу УКМКнын тергөөчүлөрү ишти бурмалоого аракет жасаганын айтты.
"Тергөөчүлөр TBEAнын жетекчисинин орун басары менен Сапар Исаков 15 жолу телефон аркылуу байланышканын айтышкан. Бирок бул аракеттер ишке ашкан жок. Анткени Исаковдун абоненттик номеринин табуляграммасын изилдөөдө экөөнүн ортосунда болгон бир дагы чалуу далилденген эмес. Мындай анализ Сапар Исаков TBEAнын эч бир өкүлү менен тааныш болбогонунан кабар берет", - деди жактоочу.