ЖЭБдеги кырсык боюнча соттук отурум башка күнгө жылды

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бишкектин Биринчи Май райондук соту ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштердин бирин кароону башка күнгө жылдырды. Буга айыпталуучулардын бири, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевдин жактоочусунун келбей калганы себеп болду.

Ишти карап жаткан судья Эмилбек Кайыпов сот залына 30 мүнөткө жакын убакыт кечигип келип, Калиевдин жактоочусу келбей калгандыктан ишти карай албай турганын айтып, 22-ноябрда улантуу чечимин кабыл алды.

Мамлекеттик айыптоочу сот отуруму буга чейин айыпталуучулардын бири Нурлан Өмуркул уулунун жактоочусу, бүгүн Айбек Калиевдин жактоочусуна байланыштуу болбой калганына нааразы болду.

Буга чейинки отурумда "Бишкек жылуулук" менен "Электр станциялары" ишканасы энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүү талабы коюлган.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында отурса, калган үчөө үй камагында.

Аты аталгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен козголгон кылмыш иштин негизинде айып тагылууда. Бирок айыпталуучулар күнөөсүз экенин айтышууда.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан