Бүгүн Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев сурак берүүдө.
Жактоочу: "ЖЭБди модернизациялоодо кандайдыр бир материалдык пайда көрдүңүз беле?", - деген суроосуна Калиев: "Материалдык пайданы бул жакта отургандардан башкасы көрүп жаткандыр. Ал эми ЖЭБдин пайдасы бүткүл элге тийип жатат. Мага 19 миллион долларга туура келген мүлктүн эсебин жазышыптыр. Бирок анын ичинде жадагалса менин пиджагым дагы жок. Бардык туугандарымдын, жакындарымдын мүлктөрү болгон. Эми 19 миллион долларды чыгаруу үчүн 2010-жылы туугандарым саткан унааны таап, ага дагы арест коюшуптур. Бул мыйзамга кайсы жагынан туура келет?", - деди ал.