ЖЭБдеги коррупция. "Улуттук энергохолдингдин" мурунку башчысы Айбек Калиевдин соттук иши башталды

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин иши сотко өтүп, бүгүн, 12-октябрда биринчи отурум болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттон тастыкташты.

Маалыматка караганда, Калиевдин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

"Бүгүн биринчи отурум болуп өттү. Ага жактоочу жана ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу келбей калганына байланыштуу отурум кийинкиге жылдырылды", - деп билдирди аталган мекемеден.

Кийинки сот отурум 19-октябрь күнү саат 14:00гө белгиленди.

Айбек Калиев 10-апрелде "Улуттук энергохолдингдин" төрагасы кызматынан бошотулган. Ал Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан