Бүгүн, 27-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ боюнча жактоочулардын аппеляциялык даттануулары каралууда. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБ жаңыланганга чейин ар бир күз-кыш жылуулук мезгилине даярдануу үчүн гана жылына 400-500 миллион сом каражат коротулуп турганын айтты.
"Иштин жагдайлары тууралуу айтып кетейин. Бишкек ЖЭБи 1961-жылы ишке киргизилген. 1995-жылдан баштап ЖЭБди модернизациялоо үчүн инвестиция булагын издеп башташкан. Бирок андай мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Акыркы кезде өлкө ЖЭБди сезонго даярдоо үчүн гана жылына 400-500 миллион сом жумшап турчу. Бул реконструкция эмес, оңдоп-түзөө эмес, бул кезектеги сезонго даярдык көрүү үчүн кеткен каражаттар эле. Андыктан бул жагдайларды эске алуу менен масштабдуу түрдө инвестиция булагын издөө иштери башталган.
Мисалы, 2008-жылы Нариман Түлеевдин ЖЭБди жарым-жартылай реконструкциялоо үчүн 500 миллион доллар керек деп жазган каты бар. 2008-жылы ушундай сумманы эсептешкен. Биз жеңилдетилген насыяны өлкө бюджетине оор болуп калбасын деп издегенбиз. Болбосо башка насыяларды алганда электр энергиянын тарифин көтөрүш керек болуп калган. Бул биздин өлкө үчүн аткарылбаган шарт эле. Анткени баарыңыздар билесиздер, 2010-жылы электр энергиянын тарифин көтөрүү ыңкылаптын болушунун себептеринин бири болгон", - деди ал.